Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:13

Түркияда террорчулукка шектелип кармалган кыргызстандык Курманбек Айдарбек уулунун үстүнөн 9-майда сот болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын ишине байланыштуу маалыматтар сыр саналгандыктан, түрк тарап Бишкекке толук билдирүү бере элек. Алдыдагы сот отурумуна катышуу үчүн Анкарадагы Башкы консулдуктун кызматкери уруксат сураган.

- Отурумга консул катышса, бизде толугураак маалымат болуп калышы ыктымал. Маалыматты алсак да коомчулукка жарыялай албайбыз, Курманбектин ата-энесине гана беребиз. Алар биз менен дайыма байланышта.

27 жаштагы Курманбек Айдарбек уулу Түркияда 2016-жылдын 28-июлунда терроризмге шектелип кармалган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG