Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:45

Жылдыз Мусабекованын иши КСДП фракциясында каралат


Жылдыз Мусабекова
Жылдыз Мусабекова

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын журналист кыз менен чыры КСДП фракциясында каралат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Бирок жыйын качан болорун ачык айткан жок.

2-майда Жылдыз Мусабекова менен "Алиби" гезитинин журналисти Үпөл Анаркулованын телефондогу сүйлөшүүсүнүн аудиосу интернетке чыккан. Анда депутат өзү жөнүндө такталбаган маалымат таратканы үчүн журналистти опузалаган жана сотко берерин айткан.

Эл өкүлүнүн жоругу сөз эркиндигин ооздуктоо катары сыпатталып, социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Мусабекова өзү азырынча окуяга комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG