Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:01

Cирия оппозициясы Астана сүйлөшүүсүнө катышуусун токтотту


Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы. 15-март, 2017-жыл.

Сирия улуттук коалициясынын өкүлү Ахмад Рамадандын билдиргенине караганда, оппозициянын делегациясы бомбалоолордон толук баш тартууга милдеттеме алган меморандумду сунуш кылгандан кийин Астана сүйлөшүүлөрүнө катышуусун токтотту.

Бирок делегациясы Астанада калып, ок атышууну токтотуу макулдашуусу бузулуп жатышын жана Орусиянын коопсуздук зоналары боюнча сунушуна байланышкан маселелерди талкуулашмакчы.

Ал "Ассошейтед Пресс" агенттиги менен маегинде белгилегендей, оппозиция коопсуздук зоналары боюнча сунушту азыркы формасында кабыл алалбайт.

Ак үйдүн жана Кремлдин билдиргенине караганда, президенттер Трамп менен Путин Сирия маселесин, анын ичинде коопсуздук зоналарын 2-майдагы телефон сүйлөшүүсүндө талкуулашкан.

Орусия коопсуздук зоналары боюнча сунушун азырынча ачык комментарийлей элек. Бирок медиада чыккан кабарларга караганда, Москванын пландары коопсуздук зоналары түзүлүү менен ок атышууну токтотуу боюнча Орусия, Түркия жана Иран ортомчулук кылган макулдашуу иштеши үчүн бейпилдик күчтөрү, балким орус аскерлери жайгаштырылуусу керек.

Сириянын жарандык согушунда Орусия жана ага катар Иран да президент Башар Асаддын режимин, ал эми Түркия менен АКШ Асаддын оппоненттерин колдоп келүүдө.

АКШ Сирияда "Ислам мамлекети" тобуна абадан сокку урган жана башка операцияларды жүргүзгөн коалицияны да жетектейт.

Орусия, Түркия, Иран ортомчулук кылган Астана сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы шаршембиде башталган. Ага бул ирет АКШ мамлекеттик катчысынын Жакынкы Чыгыш боюнча жардамчысы Стюарт Жонс да байкоо салууда. (UE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG