Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:22

Путин менен Эрдоган мамиле калыбына келгенин кубатташты


Владимир Путин жана Режеп Тайып Эрдоган Сочидеги басма сөз жыйында. 3-май, 2017-жыл.

Орусия менен Түркия мамилесинин учурдагы абалын кубаттаган билдирүүлөр эки өлкө президенттеринин Сочидеги бүгүнкү сүйлөшүүлөрүндө жана андан кийин да жасалды.

Орус президенти Владимир Путиндин ырастоосунда, алар азыр "мамилени калыбына келтирүү мезгили аяктады" жана тараптар "өнөктөштөрдүн кадимки карым-катнашына кайтты деп ишенимдүү айта алышат".

Москва менен Анкаранын мамилеси 2015-жылы күзүндө Түркия Сирия менен чек арасында Орусиянын аскерий учагын атып түшүргөндөн кийин бузулуп, эки тарап бири-бирине каршы соода чектөөлөрүн да киргизген.

Президент Режеп Тайип Эрдоган эми Сочидеги басма сөз жыйында белгилегендей, ал Путин менен Түркия помидорлорунун Орусияга экспортун эске албаганда калган соода чектөөлөрүнүн баарын жоюуну макулдашты.

Эки лидер НАТОго мүчө Түркиянын Орусиядан ракетага каршы С-400 системаларын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашкан.

Путин Орусия -Түркия ортосунда визасыз каттоо режими иштей баштаганга чейин эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрү ортосундагы "кызматташтыкты жакшыртуу" зарылдыгына токтолгон.

Сүйлөшүүлөрдө Сирия кризиси да каралды. Сириянын жарандык согушунда Анкара менен Москва каршылашкан тараптарды колдоп келүүдө. Орусия президент Башар Асаддын режимин сактагысы келсе, Анкара ага каршы.

Президент Эрдоган өзү Сочиге келер алдында "Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоо менен саясий чечимге жетишүү" эки өлкөнүн "орток максаты" деп ырастаган. (UE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG