Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Иран: шахтада жарылуудан 21 киши мерт болду


Голестан провинциясындагы көмүр шахтасындагы кырсык 21 кишинин өмүрүн алды.
Голестан провинциясындагы көмүр шахтасындагы кырсык 21 кишинин өмүрүн алды.

Ирандын түндүгүндөгү көмүр шахтада болгон жардыруудан кеминде 21 киши мерт кетти. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты.

ИРНА маалымат агенттиги Голестан провинциясындагы Земестанюрт шахтасында жарылуу болгондо жер алдында элүүдөй жумушчу болгонун кабарлады.

Ошондой эле агенттик ондогон кенчилер жакын жердеги ооруканага жеткирилгенин жазды. Кырсык 3-майда жергиликтүү убакыт боюнча 12.45те болгон.

Бийликтер куткаруу операциясын кечке чейин улантышып, жер алдындагы кенчилерди аман алып чыгуунун аракетин көрүштү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG