Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Түркмөнстан: мамкызматкерлер үйлөрүнө суу эсептегич орнотот


Түркмөнстандын Балкан облусундагы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери үйлөрүнө суу эсептегичтерди орнотконун далилдөөгө милдеттендирилди.

Мамлекеттик «Түркмөннебит» концеринин кызматкерлеринин бири жетекчиликтин талабы суу эсептегичтерин орнотуу менен гана чектелбей турганын, алар орнотулган жабдууларды сүрөткө тартып барып көрсөтүшү шарт экенин билдирди.

Балкан облусунда сууга эсептегичтерди орнотуу иштери өлкө президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун тапшырмасы менен жүзөгө ашууда.

Буга чейин өлкөдө суу, газ жана электр энергиясы калк үчүн бекер берилип келген. 2016-жылы сентябрда бекер суу, газ жана электр энергиясын жоюу сунушу Аксакалдар кеңешинин жыйынында колдоо тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG