Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Трамп Махмуд Аббас менен Палестина маселесин сүйлөштү


Махмуд Аббас жана Дональд Трамп.
Махмуд Аббас жана Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп 3-май күнү Вашингтондо Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббас менен жолугушкан учурда "эки эл үчүн эки мамлекет" принцибин колдой турганын билдирди:

- Мен Израил жана Палестина бир келишимге жетишүүсү үчүн кызматташууга даярмын. Бирок келишимдер Кошмо Штаттардын же башка өлкөлөрдүн басымы менен кабыл алынбашы керек. Палестиналыктар жана израилдиктер эки элге тынч жашоо мүмкүнчүлүгүн берген макулдашууга жетишүү үчүн кызматташуусу кажет.

АКШ мурда да жогорудагыдай принципте экени айтылып келген. Бирок Трамп февралда сүйлөгөн сөзүндө Вашингтон Израил менен Палестина талашына чекит коё турган кандай гана макулдашуу болсо, колдоого даяр экенин айткан.

Палестина да, Израил да Иерусалимди борбор шаар деп санашат.

Быйыл мартта Трамп палестин лидери Махмуд Аббасты тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу маселесин талкуулоо үчүн Ак үйгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG