Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Сирияга кетүүгө аракеттенген аял Кыргызстанга кайтарылды


УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, 29-апрелде Сирияга кетүүнү көздөгөндөргө жол бербөө боюнча өткөрүлгөн контртеррористтик аракеттердин жүрүшүндө 1989-жылы туулган аял Кыргызстанга кайтарылды. Ал Баткен облусунун тургуну экени аныкталды. Маалыматка караганда, эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүнүн үгүтүнө кабылып, Сирияга баруу максатында Түркияга жөнөтүлгөн.

Азыр кайтарылган келин баласы менен кошо туугандарына өткөрүлүп берилди.

Атайын кызмат бул жаранды үгүттөөгө жана башка мамлекетке жөнөтүүгө катышы барларды иликтеп жатат.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Ирак жана Сириядагы диний радикал согушкерлердин катарына кошулган кыргызстандыктардын саны 500дөн ашуун. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG