Бишкек шаардык соту бүгүн камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун адвокаттарынын доо арызын карап, саясатчыны 28-майга чейин №1 тергөө абагына камаган Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди:
- Жогорку Сотко кайрылганга үлгүрө албайбыз го деп турам. Себеби, 28-майга чейин булар карабайт. Дагы көрөбүз. Мыйзамдуу кадамдарга барабыз.
24-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы аныкталып, 28-майга чейин №1 тергөө абагында камакта калган. Саясатчынын адвокаттары буга макул болбой аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна доо арыз беришкен.
Экс-депутат Садыр Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону жарыяланган. Биринчи май райондук соту ал кармалгандан кийин тергөө бүткөнгө чейин камакка алынсын деген чечим чыгарган болчу.
Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапташтары милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын ичинен 12 киши эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана агасы бар. Жакындары Жапаров жана аны колдоп митингге чыккандар негизсиз кармалганын айтышып, бошотуу талабы менен акция өткөрүп келишет. Азыр Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында Жапаровдун бир нече тарапкери турганын адвокат Шарабидин Токтосунов билдирди. Соттун алдында "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылган акция да өттү. (NT)