Бул тууралуу бүгүн парламентте вице-премьер-министр Жеңиш Разаков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Эл өкүлдөрү кооптуу аймактарда жашаган тургундарды көчүрүү, жер бөлүп берүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аларга берилген ссуданын көлөмүн 200 миң сомдон 700 миңге чыгарууну сунушташты. Ошондой эле кооптуу аймактардын картасын чыгаруу, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кырсыкты алдын алууга каражатты эртерек бөлүү зарылдыгы айтылды.
Бүгүн өкмөт Жогорку Кеңеште өлкөдөгү табийгый кырсыктар, Өзгөндөгү жер көчкү боюнча маалымат берүүдө.
29-апрелде Өзгөн районунун Аюу-Сай кыштагында жер көчүп, жети үйдөгү 24 адам топурак астында калган. (КЕ)