Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Франция президенттигине талапкерлер соңку теледебатка чыгышты


Франция президенттигине талапкерлер Эммануэл Макрон менен Марин Ле Пен.
Франция президенттигине талапкерлер Эммануэл Макрон менен Марин Ле Пен.

Франция президенттигине талапкерлерлер 7-майда өтчү шайлоонун экинчи айлампасынын алдында теледебатка чыгышты. Борборчул Эммануэл Макрон менен ашынган оңчул Марин Ле Пен Евробиримдиктеги көйгөйлөр, террорчулукка каршы күрөш жана Орусия менен алака боюнча талашып-тартышышты.

39 жаштагы Макрон Ле Пендин евродон баш тартуу саясатын сынга алып, экономикалык көйгөйлөрдү, тактап айтканда жумушсуздукту чечүү боюнча реалдуу пландары жоктугун айтты.

48 жаштагы Ле Пен болсо Макрондун радикал экстремизге көңүл кош мамилесин сынга алды.

Макрон Орусиянын президенти Владимир Путин менен аймактык көйгөйлөрдү чечүү жаатында, маселен Сирия менен Украина маселелери боюнча кызматташууга даяр экенин айтып, андан башка Франция менен Орусиянын бирдей баалуулуктары жоктугун билдирди. Ал эми буга чейин Орусия менен жакын алаканы жактап келген Ле Пен ал Москва, Вашингтон жана Евробиримдиктен бөлүнүп жаткан Британия менен диалог кура ала турган жалгыз саясатчы экенин белгиледи.

7-майда Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда, Эммануэл Макрон Ле Пенден 20% көбүрөөк добуш топтошу мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG