Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

Баткен: согуштун эки ардагерине автоунаа берилет


Бишкектеги 9-майдагы аскердик парад. 9-май, 2016-жыл
Бишкектеги 9-майдагы аскердик парад. 9-май, 2016-жыл

Баткен шаардык бийлигинен «Азаттык» радиосуна билдиришкендей, Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерине жергиликтүү казынадан эки жүз миң сом бөлүндү. Ага демөөрчүлөрдөн чогулган акча кошулуп, эки машине сатылып алынды. Эми алар ардагерлерге тапшырылат.

Баткенде ушул тапта согуштун 32 ардагери бар. Быйыл 9-майда Советтер Союзунун Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишинин 72 жылдыгы белгиленет. Расмий маалымат боюнча, 1941-45-жылдарда майданга 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. Алардын 160 миңге чукулу кайткан эмес. 56 миңден ашык кыргызстандык жоокер дайынсыз жоголгон. (JsA/NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG