Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Сыдыков: Тышкы карызды төлөөгө 150 млн доллар каралган


Быйыл бюджеттен карыздардан кутулуу үчүн 150 миллион долларга жакын акча каралды. Бул тууралуу 4-майда Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыков “Азаттыкка” билдирди.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4,75 млрд долларды түзөт. Анын негизги бөлүгү тышкы карыздар. Кыргызстандын эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттерге карызы 3 млрд 764 млн доллар. Ал эми ички карызы 309,5 млн доллар же 21 млрд 403,85 млн сом.

2016-жылы мамлекеттик карызды жоюу үчүн кыргыз өкмөтү 20 млрд 747,7 млн сом сарптаган. Бул мурунку жылга караганда 44% көп.

Кыргызстандын эң көп карызы Кытайдан алынган, ал 1,336 млрд доллар. Андан кийинки 1,11 млрд доллар карыз Дүйнөлүк банкка тиешелүү. Кыргызстандын Азия өнүктүрүү банкына карызы 1 млрд доллар. Республика Эл аралык валюта корунан 500 млн доллар, Орусиядан 300 млн доллар карыз алган. Булардан тышкары Түркия, Европа жана Араб өлкөлөрүнөн алынган карыздар бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG