Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кызматтарда иштеген жетекчилердин жылдык кирешелери тууралуу толтурган декларациясын сактоо мөөнөтүн узартууну колдоодо. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Алмаз Үсөнов кабарлады. Анын айтымында, президент коомчулук алдында жогорку кызматтагы аткаминерлердин кирешесин ачык-айкын көрсөтүлүшү керек деп эсептейт.
- Президент декларацияны алты жыл эмес, андан көп убакыт сактоо демилгесин колдойт. Балким 25-30 жыл же такыр жок кылбай калтырылышы мүмкүн дегендей Мамлекеттик кадр кызматы менен Жогорку Кеңеш буга мыйзам түрүндө өзгөртүү киргизсе болот. Ушунун үстүнөн иштейбиз.
Азыркы нормаларга ылайык, аткаминерлердин декларациясы алты жыл сакталып, андан кийин жок кылынат.
Мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар жылына мал-мүлкү тууралуу декларация толтурат.
Бирок коомчулукта "аткаминерлердин баары эле байлыгын жашырып, чыныгы мал-мүлкүн көрсөтпөйт" деген мазмундагы нааразылыктар айтылып келет. (КЕ)