Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Ханзаада Филипп падышалык милдеттерин күзүндө токтотот


Британиянын ханышасы Елизавета экинчи жана анын күйөсү, ханзаада Филипп.
Британиянын ханышасы Елизавета экинчи жана анын күйөсү, ханзаада Филипп.

Британиянын ханышасы Елизавета экинчинин күйөөсү, ханзада Филипп өзүнүн падышалык милдеттенмесин ушул күздө токтотот. Бул тууралуу 4-майда Букингем сарайы тараткан билдирүүдө жазылат.

Маалыматка караганда, 95 жаштагы Филипп бир катар кайрымдуулук уюмдарын жетектөөнү улантат, бирок коомдук иштерге активдүү аралашуусун токтотот. Бир нече жылдан бери жүрөк оорусунан жабыркап келген Филипп буга чейин расмий аземдердин баарына катышып келген.
Букингем сарайы тараткан билдирүүсүндө ханзаданын саламаттыгы тууралуу эч маалымат камтылган эмес.

Бир күн мурда Daily Mail басылмасы ханышанын үй-бүлөсү чогулганын жарыялап, бул Филипптин саламаттыгына байланыштуу болушу мүмкүн деген жоромолдорду жараткан. 3-майда Елизавета экинчи премьер-министр Тереза Мей менен жолукса, ханзада Филип Лондондогу крикет клубуна барган.

XS
SM
MD
LG