Бишкек шаардык соту парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөрүүсүз калтырды. Бул тууралуу партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова "Азаттык" радиосуна билдирди. Сот адвокаттардын депутатты үй камагына чыгаруу боюнча доо арызын бүгүн Бишкектеги Аскер сотунун имаратында карады. Эми адвокаттар беш күн аралыгында Жогорку сотко кайрыларын маалымдашты.
Ишти кароо алгач 9:30га белгиленип, кайра кечки саат төрткө жылды. Шаардык соттун имаратынын алдында Текебаевдин тарапкерлери митинг уюштуруп, депутатты жана аны менен бирге камалган мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду бошотууну талап кылышты. Ушундай эле талап менен нааразылык акциясы Базар-Коргон районунун Акман айылында, Ош-Бишкек жолунун боюнда өттү.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясына байланыштуу жемкорлукка шектелип 26-февралда кармалган, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камалган. 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын абактагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан. Буга нааразы болгон адвокаттары шаардык сотко апелляциялык арыз жазышкан.
Тергөөдө жыйналган материалдардын негизинде Текебаевге Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айыбы угузулган. Ага байланышы бар деп мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов да кармалып, сот ага да Текебаевге чыгарылгандай чечим кабыл алган.
“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү бул ишти саясий негиз катары баалап, саясатчыларды камактан бошотууну талап кылып келет. (NT)