Линктер

жума, 17-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:50

Конституциялык палата “Азаттык” боюнча доо арыздын мыйзамдуулугун териштирет


"Азаттык" жана "Заноза" медиа каражаттарына берилген доо арызга байланыштуу 120 кишинин колу коюлган өтүнүч кат 3-майда өндүрүшкө алынганын Жогорку Соттун карамагындагы Конституциялык палатанын жалпы бөлүмү ырастады. Өтүнүч катта "Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамынын биринчи жана төртүнчү беренелери Конституцияга кайчы келет деп таануу суралган. Бул тууралуу өтүнүчкө кол койгондордун бири, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирип, төмөнкүдөй негиздеди:

- "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жөнүндө” мыйзамы бар. Анын 4-беренесинде президенттин ар-намысын, беделин Баш прокурор коргойт деп көрсөтүлгөн. Бул берене 2003-жылы кабыл алынган дагы, ошол учурдагы Конституция, ошол кездеги прокуратуранын ыйгарым укуктарына, ошол учурдагы президенттин макамына туура келген. Бирок 2010-жылы президенттин макамы, прокуратуранын ыйгарым укуктары абдан чоң өзгөргөн. Бирок Жогорку Кеңеш бул мыйзамды жаңы Конституцияга ылайыкташтырган эмес. Ошондуктан бул жерде чоң карама-каршылык бар.

Сооронкулованын айтымында, Конституциялык палата өтүнүчтү карап, чечим кабыл алганга чейин баш прокурор Индира Жолдубаеванын доо арызы боюнча соттук иштер токтоп турушу керек.

Кыргызстандын баш прокурору И.Жолдубаева президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо тууралуу арыз менен кайрылып, Азаттык медиа мекемесине эки арыз боюнча 20 миллион сом жана "ПроМедиа" коомдук фондуна беш арыз боюнча 15 миллион сом доо койгон. Доо арызда мамлекет башчынын кадыр-баркына шек келтирген такталбаган маалымат жарыяланганы негиз катары алынган.

Бишкек шаардык соту доо арыз боюнча райондук соттун аныктамасын күчүндө калтырган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун вице-президенти жана башкы редактору Ненад Пейдж "биз коомдук жыйындарда жасалган айыптоо фактыларын кабарлаганбыз. Дароо ал фактылар боюнча кыргыз президентинин администрациясына кайрылып, алар комментарий берээр замат жарыялап турдук. Өз атыбыздан эч кимди айыптаган жокпуз", - деп белгилеген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG