Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 16:52

Ооганстанда 2016-жылдан бери 14 медиа кызматкери өлтүрүлгөн


Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандагы көз карандысыз медиага байкоо салган NAI уюму маалымдагандай, 2016-жылдан бери өлкөдө маалымат каражаттарынын кеминде 14 өкүлү өлтүрүлгөн.

"Эркин Ооганстан" радиосуна уюмдан билдиришкендей, бул убакыт аралыгында медиа каражаттарынын өкүлдөрүнө каршы 415 кол салуу катталган. NAI алардын 326сына Талибан кыймылы, ал эми 63үнө бийлик жоопкер экенин билдирет.

Байкоочулар кабарчыларга жана медианын башка кызматкерлерине каршы жасалган кылмыштардын саны өткөн жылы үч эсе өскөнүн жана дагы эле көбөйүп жатканын айтышууда. Бир катар журналисттер былтыр талиптер басып алган аймактардан чыгып кетүүгө мажбур болушкан. Соңку он жылда Ооганстанда каржынын жетишпестигинен улам ондой телеканал жана радиостанциялар жабылган.

"Журналисттерди коргоо комитети" Ооганстанды медиа кызматкерлери үчүн өзгөчө кооптуу мамлекеттердин ичинен 12-орунга жайгаштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG