Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Навальный чет өлкөгө чыгууга паспорт алды


Алексей Навальныйдын бетине 27-апрелде зеленка чачып кетишкен.
Алексей Навальныйдын бетине 27-апрелде зеленка чачып кетишкен.

Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный беш жылдык чектөөдөн кийин чет өлкөгө чыгууга паспорт алды. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун негиздөөчүсү Навальный социалдык тармактардагы баракчасына бейшембиде жазды.

Мурдараак Навальный анан бетине чачып кеткен жашыл суюктуктан улам бир көзү көрбөй калуу коркунучу жаралып жатканын айтып, Федералдык миграция кызматы ага беш жылдан бери чет өлкөгө чыгууга паспорт бербегендиктен улам чет жакта дарылануу мүмкүнчүлүгү болбой жатканын кошумчалаган.

27-апрелде Навальныйдын бетине жашыл суюктук (зеленка) чачып кетишкен. Активисттин оң көзүн суюктук күйгүзүп жибергенин медицина кызматкерлери аныкташкан. Навальный ага жасалган кол салуунун артында Кремл турат десе, анын тарапташтары саясатчыга кремлчил радикал SERB тобунун активисттери суюктук чачып кетишкен деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG