Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:36

Франциянын прокуратурасы президенттикке талапкер Эммануэл Макрондун арызы боюнча текшерүү баштады. Макрон атаандашы Марин Ле Пен "жалган маалымат таратып жатат" деп көзөмөл органына кайрылган.

3-май күнкү теледебат учурунда Ле Пен Макрондун Багам аралдарындагы офшор банктарда эсеби бар экенин билдирген. Макрон муну "шайлоочулардын башын айлантуу" деп сыпаттаган.

Теледебат башталардан мурда негизинен англис тилдүү социалдык тармактарда мурда каржы министри болгон Макрон өз байлыгын офшор банктарда сактаганын бышыктаган документтер тууралуу маалымат тараган.

Шайлоо штабынын эксперттери мындай кабарлардын авторлору Russia Today жана Sputnik сыяктуу орус медиалары менен байланышы бар кишилер экенин айтып жатышат.

Буга чейин да Франциядагы шайлоого Орусия аралашат деген божомолдор айтылган. Соңку сурамжылоого ылайык, Макрон атаандашынан 20 пайыз алдыда.

Францияда президенттик шайлоо 7-майда өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG