Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Франция: "Тарыхтагы эң орой дебаттар"


Францияда шайлоого төрт күн калганда президентикке талапкерлер Марин Ле Пен жана Эмануэл Макрон акыркы теледебатка чыгышты. Эки жарым саат бою атаандаштар бири-бирин тынбай сындап, атүгүл ачык агрессияга чейин барышты. Эки борбордук канал тартуулаган беттешүүнү 16 миллиондон көп киши көрдү. Шайлоонун экинчи айлампасы 7-майда өтмөкчү.

"Орой, баш аламан, өлкө тарыхында так калтырган дебат". Франциянын маалымат каражаттары 3-майдын кечиндеги теле эрөөлдү дал ушундай сүрөттөп жатышат.

Жаңы президентти шайлоо жакындаганда франциялыктар финалдык турга чыккан талапкерлерден терең талкууну, туура тандоо жасоого жардам берет деген конструктивдүү талаш-тартышты, дүйнөдөгү 5-ири державанын келечегин аныктаган долбоорлорун, экономикалык абалга көз караштарын, программалары канчалык олуттуу экенин дагы бир жолу салмактап көрүүгө мүмкүнчүлүк алууну күтүшкөн эле. Анын ордуна жагымсыз, көңүл чөктүргөн кайым-айтышууга күбө болушту.

Талдоочулардын көбү бул үчүн жоопкерчиликти Улуттук Фронттун талапкери Марин Ле Пенге жүктөшөт.

Көпчүлүк байкоочулар атаандаштардын тирешүүсү, кастык маанайы, атүгүл бири-бирин жек көргөнү ачык эле байкалып турганын белгилешет. Өзгөчө Ле Пен өзүн агрессивдүү демагог катары көргөзүп, Макрондун дарегине ачуу, заар сөздөрүн аяган жок. Атүгүл жеке турмушуна асылган комментарийлерге да жол берип жатты.

Айрым аналитиктер ашынган улутчулдар менен конструктивдүү диалог жүргүзүү мүмкүн эместигин белгилөө менен бул ирет Ле Пен чектен чыкканын айтышат.

Дебаттын башында эле Ле Пен атаандашын өлкө кызыкчылыктарын сатууга даяр саясий элитанын өкүлү, азыркы мамлекет башчынын саясатынын улантуучусу деп сындады. Өзүн болсо "элдик талапкер" деп атады.

- Макрон мырза жапайы глобалдашуунун талапкери, социалдык теңсиздикти, ири эл аралык финансылык компаниялардын Францияны талап-тоноосун жактаган киши. Мунун бардыгынын артында Франсуа Олланд турат.

Борборчул саясатчы, мурдагы экономика министри Эмануэл Макрон жооп кайтарып, “дебаттар дал ушундай башталганына кубанычтамын. Демократиялык, ачык, салмактуу талкуу жүргүзүүнү каалабаганыңызды көргөзүп койдуңуз”, - деп жооп берди:

- Сиздин стратегияңызды ондогон жылдардан бери жакшы билип калдык. Көп калп айтып, проблемаларды сындай бересиңер. Бирок эч качан эч нерсе сунуш кылбайсыңар.

Ле Пен атаандашынын терроризмге каршы күрөшүү саясатын сындаса, Макрон улутчулдар лидеринин экономикалык программасындагы карама-каршылыктарды, өзгөчө бирдиктүү валютадан баш тартуу планын ачык эле шылдыңдады.

Макрон Ле Пенди антисемиттик жана ксенофоб көз караштары менен белгилүү саясатчы, атасы Жан-Мари Ле Пендин чыныгы мураскери деп атады.

- Сиз өлкөнү бөлүнүп-жарылууга, жарандык согушка жеткирүүнү каалайсыз. Террорчуларга каршы күрөштө алардын тузагына түшпөө, өлкөнү жарандык согуштун кырына такабоо зарыл. Сиз Франция жарандарын динине карап кемсинтүү менен элди бөлүп жатасыз. Мен мындайга жол бербейм.

Атаандаштар ошондой эле Европа биримдиги, Орусия менен мамилелер боюнча позициялары катуу айырмаланарын дагы бир жолу далилдешти.

Ле Пен Макрон бийликке келсе, Францияны Евробиримдикке башкартып коет деп айыптады.

- Сиз канцлер Ангела Меркелге барып батасын алып келдиңиз. Себеби Меркелдин макулдугусуз бир да кадам жасабайсыз. Бул чындык. Билесизби эмне болот? Кандай болгон күндө да Францияны аял башкарат – же мен, же Меркел айым.

Макрон регионалдык жаңжалдарды жөнгө салуу үчүн Орусия президенти Владимир Путин менен иштешүүгө аракеттенерин, бирок Франция менен Орусия “орток баалуулуктар менен приоритеттерди” бөлүшөрүнө ишенбесин билдирди.

Ле Пен Москва менен жакындашуу саясатын жактайт, шайлоо кампаниясы маалында Орусияга барып, Владимир Путин, бир катар жогорку саясатчылар менен жолугушкан.

Дебаттан кийинки кээ бир сурамжылоолор көргөзгөндөй, телекөрүүчүлөрдүн көбү – 63% жакыны Макрон ишенимдүүрөөк сүйлөгөнүн билдиришти.

Буга чейин элдин пикирин сурап билүүлөрдө борборчул талапкер Ле Пенден 20 проценттен ашыгыраак добуш алышы мүмкүн деп айтылып келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG