Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Путиндин шайлоочулар арасындагы рейтинги төмөндөдү

Көз карандысыз "Левада" борбору өткөргөн акыркы социалдык сурамжылоого ылайык, эгер ушул күндөрү Орусияда президенттик шайлоо өтсө, элдин 48% Владимир Путинди колдойт.

21-24-апрель күндөрү өткөрүлгөн сурамжылоонун натыйжасына ылайык, Путинге добуш берүүчүлөрдүн саны бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 14%, үч ай мурдагыга караганда 5% азайган.

"Левада" борборунун сурамжылоосуна түрдүү аймактардан 1600 адам катышкан. Талапкерлердин аты-жөнү көрсөтүлбөгөн бул сурамжылоодо 3% респондент Владимир Жириновскийди, 1% Алексей Навальныйды колдорун айткан.

1999-жылдан бери Орусияны башкарып келаткан Путин 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоодо дагы жеңиши ыктымал деп күтүлүүдө. Бирок Путин өзү шайлоого катышарын расмий жарыялаган жок.

XS
SM
MD
LG