Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:22

Украинанын баш калаасы Киев шаарында 4-майда Eurovision-2017 популярдуу музыка сынагына арналган концерт өттү. Концерт сырттагы көрөрмандарга чоң монитордон да көрсөтүлдү.

Ыр-таймаш 9-13-майда өтөт. Расмий делегациялар Киевге келе баштады. Быйыл 42 өлкө сынакка катышат.

Орусиянын атынан тубаса майып Юлия Самойлова катышмак. Бирок Украинанын Коопсуздук кызматы ырчы 2015-жылы аннексияланган Крымда концертке катышып, мыйзамды бузган деп, өлкөгө үч жыл кирүүгө тыюу салган.

Европа телерадиоберүү бирикмесинин жана Eurovision уюштуруу комитети Самойлованы Орусиядан туруп сынакка катышуусун же башка ырчы жөнөтүүнү сунуштаган. Бирок орустар быйылкы сынакка катышуудан жана иш-чараны түз эфирде чагылдыруудан баш тарткан.

Европа телерадиоберүү бирикмесинин жана Eurovision уюштуруу комитетинин төрагасы Франк-Дитер Фрайлинг сынактын жобосун бузганы үчүн Орусия менен Украинага чара колдонуларын билдирген. Ал сынак өткөрүп жаткан тарап катышуучуларды өз алдынча чийип салууга акысыз экенин айтып, Украина бул эрежени бузганын белгилеген. Орусияны болсо даярдык иштерине арналган жыйындарга катышпай койгонун сындаган. Аларга каршы чаралар сынак бүткөн соң кабыл алынат. Уюштуруу комитетинин бул жааттагы чогулушу 12-июлда болот. Жобого ылайык, эреже бузган мамлекеттерге айыппул салынышы же сынактан үч жылга чейин четтетилиши мүмкүн.

Eurovision сынагы 1956-жылдан бери такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат. Анда кайсыл мамлекеттин ырчысы жеңсе, кийинки жылы сынак ошол өлкөдө уюштурулат.

Eurovision сынагында жыл сайын табияттагы ар кандай сулуулуктар символ катары тандалат. Быйыл эмблемада украиндердин улуттук шуру чынжыры эн белги катары тандалган. Урааны түрдүү улуттардын биримдигин даңазалайт. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG