Таластагы «Манас ордо» улуттук комплексинде 4-майда өткөн республикалык «Шайыр апалар» фестивалы жыйынтыкталды.
Өлкөнүн ар тарабынан келген айымдар мекенди даңктаган чыгармаларды аткарышып, өнөрлөрүн тартуулашты.
Фестивалды КТРКнын «Маданият» каналы уюштурган. Аталган каналдын редактору Элмира Тезекбаева саамалык энелердин башын бириктирүү, кыргыздын унутта калган чыгармаларын, маданий баалуулуктарын даңазалоого багытталганын билдирди.
Иш-чарага 50 жаштан 80 жашка чейинки апалардан турган 17 топ катышты. Мыкты деп табылган Ош облусунун Ноокат районунан келген топко президенттин атынан 100 миң сомдук сертификат тапшырылды. (AlS)