Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:52

Орусия: Сириядагы коопсуздук зоналар АКШ учактары үчүн жабык болот


Сириянын козголоңчулар колундагы Азаз шаарчасындагы жарылуудан кийин. 3-май, 2017-жыл.

Бул тууралуу Орусиянын Сирия боюнча Казакстандагы сүйлөшүүлөрүндөгү башкы өкүлү, дипломат Александр Лаврентев бүгүн Астанадан билдирди.

Анын айтымында, Сириядагы коопсуздук зоналар Орусия, Түркия, Иран жетишкен макулдашууга ылайык, АКШ баштаган коалициянын учактары үчүн да жабык болот. Буга чейин АКШ менен Орусия Сирияда өз-өзүнчө жасаган аба соккулар ич ара пикир келишпестиктерди жараткан эле.

Орусия өкүлү Лаврентевдин айтымында, 6-майдан тарта күчүнө кирүүчү макулдашуу боюнча Сириянын өкмөтүнүн согуштук учактары да эгер эле козголоңчулардын топтору кол салууларды жаcабаса, коопсуздук зоналарынан оолак болушу керек. Бирок Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү буга чейин дал ушундай мүмкүнчүлүктөр Орусия колдогон Сирия өкмөтүнүн күчтөрүнө террорчуларды бутага алып жатабыз деген жүйө менен кайсы жерде болбосун сокку уруусуна жол ачканына көңүл бурушууда.

Астанада жетишилген макулдашуу боюнча быйыл 4-июнга карата коопсуздук зоналары Сириянын борбордук, түндүк, түштүк бөлүктөрүндө түзүлүшү керек.

Коопсуздук зоналары деп аныкталган аймактарда ок атышуу токтотулуп, алардын үстүнөн учууга тыюу салынып, гуманитардык жардам тез жеткирилүүсүнө, качкындардын кайтуусуна шарт түзүлүүсү зарыл.

АКШ жана БУУнун башкатчысы Антониу Гутерреш Сирия оппозициясы каршы чыккан Астана макулдашуусуна абдан этият мамилесин билдиришти.

Сириянын 2011-жылдан берки жарандык согушунда азыркыга чейин 400 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. (UE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG