Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Чоң-Алай: 717 адам чатырларга көчүрүлдү


Чоң-Алайдагы жер титирөө. 3-май, 2017-жыл.
Чоң-Алайдагы жер титирөө. 3-май, 2017-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында очогунда 7 баллга жеткен 3-майдагы жер титирөөдөн зыян келтирилген турак жайлардын саны такталды.

Очогу Тажикстандын аймагында жайгашкан силкинүү күчү Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Шибээ, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 6 баллга чейин сезилген. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы жер титирөөнүн кесепетинен Карамык айылында 24 үй, бир ФАП жана почта имараты авариялык абалга келгенин аныктады. Силкинүүдөн тоодон таштар кулап, жергиликтүү жарандын жайыттагы 110 коюн басып калган. Шибээ айылында, 118 турак жай изилденип, анын тогузу авариялык деп табылды.

Жекенди айылында 15 үй, бир мектеп жана бир ФАП, Чулук айылында, бир үй авариялык абалга кептелип, мектептин имаратында майда жаракалар пайда болгон. Кара-Тейит айылында 17 турак жайда жашоо кооптуу, ФАП имаратынан майда жарака кетти.

Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн кийин жалпы 281 турак жай изилденип, анын 66сы жашоого кооптуу деп табылды, 215 үйдө майда жаракалар пайда болду. Аталган айылдарда жалпы 100 чатыр тигилип, жүз үй-бүлөдөгү 717 адам убактылуу көчүрүлүп, жайгаштырылды. Аймакта кошумча чатырлар орнотулуп жатканы кабарланды.

Кыргыз-тажик чек арасында бүгүн да түшкө чейин төрт жолу жер титиреп, алардын биринин күчү очогунда 7 баллга жетти. Очогу Тажикстандын аймагында орун алды. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG