Бийлик быйыл мына ушундай чечим кабыл алганын мамлекеттик “Кабар” агенттиги маалымдап, муну коопсуздук жүйөсү жана “исламдын салттары көзү өткөн адамдардын сүрөтүн коомчулукка шардана кылууну колдобой турганы” менен түшүндүрдү.
Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов тажик бийлигинин чечимин өкүнүч билдирди.
Тажик президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Худойберди Холикназаровдун “Азаттыктын” тажик кызматына айтканына караганда, быйыл жүрүштү өткөрбөө чечиминин саясат менен эч байланышы жок.
9-май - Жеңиш күнүн утурлай Орусиядагыга үндөш “Өлбөс полк” жүрүшүн өткөрүүгө Тажикстан бытыр алгачкы жолу уруксат берген эле.
Мындай иш-чара фашисттик Германия үстүнөн болгон жеңиштин кезектеги жылдыгын утурлай Орусияда, мурдагы советтик республикалардын айрымдарында бир нече жылдан бери уюштурулуп келет. (UE)
Facebook шеринеси