Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Өзгөн: Жалпак-Ташта 30 үйдү жер көчкү басты


Жалпак-Таш айылы.
Жалпак-Таш айылы.

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш жана Маркс айылдарынын ортосунда жүргөн жер көчкү акырындык менен жылып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Авазбек Айтиев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 5-майда топурак алдында калган үйлөрдүн саны 30га жетип, 35 электр мамысын да көчкү басып калды. Жер көчкү Шор-Суу сайын бөгөп, ал жерде суу топтолуп жатат. Кечээ опурталдуу аймакта көчкү басып калган үйлөрдүн саны 24 болчу.

Киши өмүрүнө зыян келген жок. Бул жердеги жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Алар үчүн 60 чатыр тигилген, анын бирине жергиликтүү ФАП жайгашты.

Кооптуу жерде жалпы 61 турак жай жайгашкан. Андан тышкары социалдык объекттерге - мектеп, бала бакча, ФАП жана мечитке да коркунуч жаралгандыктан, куткаруучулар жана жоокерлерден турган топ аймакка барып, аталган объекттердин курулуш материалдарын чыгарып калуу иштери жүргүзүлүүдө. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG