Бельгиянын премьер-министри Шарль Мишель бул тууралуу “Ассошейтед Пресс” агенттиги менен маегинде билдирди.
Анын айтымында, Евробиримдик Түркиянын биримдикке кошулуу мүдөөсү туңгуюк абалга кептелгенине байланыштуу акыркы чечимди кабыл алышы керек.
Бельгия өкмөт башчысы кошумчалагандай, президент Режеп Тайып Эрдогандын бир нече айга созулган “чагымдарынан” кийин бул жараянды улантуу мүмкүн эмес.
Түркиянын мүчөлүк мүдөөсү токтотулушун Австрия да колдоодо.
Президент Эрдоган болсо өзү жакында Түркиянын Евробиримдикке кирүүсү боюнча аракеттерди улантуу же улантпоо керектигин өлкөсүндө референдумга чыгарышы мүмкүндүгүн билдирген.
Анкаранын былтыркы аскерий төңкөрүш аракетинен кийинки жооп чараларынын масштабы жана президенттин бийлик укуктарын күчөтүү боюнча өткөн айдагы референдум да Эрдогандын Евробиримдик менен мамилесинде пикир-келишпестиктерди жаратты. (UE)