АКШнын штаб башчыларынын бирдиктүү комитетинин жетекчиси генерал Жозеф Данфорд жана Орусиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов телефон аркылуу байланышып, Сириядагы кырдаалды, андагы коопсуздук зоналары боюнча маселени талкуулады. Коопсуздук аймактары боюнча Астанада жетишилген макулдашуу 6-майдан тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, коопсуздук аймактары Сириянын борбордук, түндүк, түштүк бөлүктөрүндө түзүлүшү керек. Коопсуздук зоналары деп аныкталган жерлерде ок атышуу токтотулуп, алардын үстүнөн учууга тыюу салынып, гуманитардык жардам тез жеткирилүүсүнө, качкындардын кайтуусуна шарт түзүлүүсү зарыл. Ага Сирия президенти Башар Асаддын режимин колдогон Орусия жана Иран, ошондой эле сирия жаңжалында оппозициянын тарабында болгон Түркия кол койгон.
Астанадагы үч тараптуу макулдашуу боюнча Сирия оппозициясы сынга кабылган.
Расмий Москва америкалык авиацияга коопсуз зонанын үстүнөн учууга тыюу салынарын билдирген. Бирок аймактардын чегин жана тыюу кандай иштей турганын ачыктаган эмес. Пентагондун өкүлү коопсуз зоналарды белгилөө АКШнын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун турумдарына сокку уруусун токтотпой турганын билдирген.
Сириядагы 2011-жылдан берки жарандык согушта 400 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. (КE)