Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:11

Эңилчек аймагындагы малчыларга тоют жеткирилди


Жабылып калган Эңилчек аймагындагы жол.
Жабылып калган Эңилчек аймагындагы жол.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Элчибек Жантаев билдирди. Анын айтымында, Эңилчек аймагындагы жол ачылып, калың карда байланышы жок калган Кайыңды жайлоосундагы бардык кожолукка тоюттар жеткирилди. ​

- Кечээ күнү жол толук ачылган, бүгүн кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Күйүүчү, майлоочу майларды жана башка чыгымдарды Ак-Чий жана Боз-Учук айыл өкмөттөрү көтөрүп жатат.

29-апрелден 3-майга чейин жааган калың кар Ак-Суу районунун Боз-Учук жана Ак-Чий айылына караган Кайыңды жайлоосунун жолун жаап, малчыларга каттамды токтоткон эле. Ал жерде мал карап туруктуу жашаган 19 кожолук бар. (AsM)

XS
SM
MD
LG