Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:50

Дүйнөлүк лидерлер Эммануэл Макронду жеңиши менен куттукташты


Эммануэл Макрон жубайы менен. 7-май, 2017-жыл
Эммануэл Макрон жубайы менен. 7-май, 2017-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп шайлоодогу "ири жеңиши" менен Эммануэл Макронду куттуктап, жаңы француз лидери менен кызматташууга даярдыгын билдирди. Немис канцлери Ангела Меркелдин өкүлү Макрондун жеңишин "бирдиктүү жана күчтүү Европанын жеңиши" деп атады.

Эммануэл Макронду Британиянын премьер-министри Тереза Мэй да куттуктады. "Франция - биздин жакын өнөктөштөрүбүздүн бири, биз жаңы президент менен кеңири кызматташууну күтөбүз", - деп айтылат британ премьер-министринин расмий билдирүүсүндө.

Макрон менен быйыл мартта жолугушкан Лондондун мэри Садик Хан "француз эли коркунучту жана бөлүнүүнү эмес, үмүт менен биримдикти тандап алды" деди.

7-майда Францияда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында борборчул талапкер Эммануэл Макрон жеңди. Алдын ала жыйынтыктар көрсөткөндөй, 39 жаштагы мурдагы экономика министри Макрон добуштардын 65 пайыздан ашыгын алды. Анын атаандашы ашкере-оңчул Марин Ле Пенге шайлоочулардын 34 пайыздан көбү добуш берди.

Франциядагы шайлоонун биринчи айлампасы 23-апрелде өткөн.

XS
SM
MD
LG