Кыргызстан менен Шинжаң коопсуздук, террорчулукка жана диний экстремизмге каршы күрөштө кызматташтыгын бекемдөөнү көздөйт. Бул тууралуу кыргыз тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун башчысы Шохрат Закир менен жолугушуусунда айтылды.
ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Кытайга расмий сапарынын алкагында министр Абдылдаев Шинжаң жетекчилиги менен да сүйлөшүү жүргүзүп, аймак аралык, чек ара, инвестициялык, соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулады. Ошондой эле Кытайга виза алууда пайда болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу да сөз болду.
Кытайга каттаган кыргызстандык ишкерлер менен жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары виза ала албай убара тартып жатканын айтып келишет. Тышкы иштер министрлиги буга кытай тараптын чет өлкөлүк жарандарга виза берүү тартибин катаалдантканы себеп болгонун белгилеген.
2016-жылы 1-январда Кытайда терроризмге каршы күрөшүү боюнча жаңы мыйзам кабыл алынган. Бир катар эрежелер ошондон кийин өзгөрө баштаган.
Өткөн жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон, элчиликтин үч кызматкери жаракат алган. (RK)