Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:25

Ак кула ат майданынын ээси аныкталды


Ак кула ат майданы, 21-март, 2017-жыл
Ак кула ат майданы, 21-март, 2017-жыл

Бишкектеги Ак кула ат майданынын ээси ким экени аныкталды. Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аны оңдоп, жаңылоо маселеси боюнча жыйын өткөрүп, Башкы прокуратура менен Бишкек мэриясынын маалыматын укту.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, ат майдандын менчик хронологиясы боюнча бул объект жана анын тегерегиндеги 54 гектар жер борбор калаанын балансында экени аныкталды.

Ат майданды реконструкциялоого 300 млн сом талап кылынары эсептелип чыкты.

Быйыл 21-март Нооруз күнү ат майдандагы улуттук спорт оюндары учурунда адам батпай, сахна жана көк бөрү аянтына чейин чыгып кеткени интернетте талкууланган.

29-мартта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ипподромдун абалы менен өзү барып таанышып, оңдоо жана жаңылоо ишин тездетүүнү тапшырган.

Буга чейин Ак кулага ээлик кылуу укугуна байланыштуу соттук териштирүүлөр жүрүп келген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG