Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:33

Путин Макронду куттуктады


Эммануэл Макрон
Эммануэл Макрон

Орус президенти Владимир Путин Франциянын жаңы шайланган президенти Эммануэл Макронду куттуктады. Путин Макронго жолдогон куттуктоо катында эки тараптуу жана дүйнөлүк маселелер боюнча Орусия конструктивдүү ишке даяр экендиги белгиленген.

"Учурдагы шарттарда эки тараптуу ишенбөөчүлүктү артка таштоо жана эл аралык туруктуулук менен коопсуздукту камсыз кылуу өзгөчө маанилүү",-деп айтылат Кремл жарыялаган катта.

Макрон буга чейин Орусияны киберчабуулдар аркылуу француз шайлоосуна кийлигишти деп айыптаган. Ошондой Russia Today жана "Спутник" агенттиктерин жалган маалымат таратты деп күнөөлөгөн. Орус тарап бул айыптоолорду четке каккан. 5-майда Макрондун штабы хакердик чабуулга кабылганы, бир канча гигабайттык маалыматтар уурдалганы белгилүү болгон.

Макрондун атаандашы ашкере оңчул Марин Ле Пен болсо Орусия менен алаканы жакшыртарын билдирип келген. Ал шайлоо өнөктүгү маалында Орусияга барып, Владимир Путин баштаган бир катар жогорку бийликтеги саясатчылар менен жолугушкан.

Жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи турунда шайлоочулардын 66 пайызы Макронду, 33 пайыздан ашыгы Ле Пенди колдоду.

XS
SM
MD
LG