Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Иран Пакистандагы террорчуларга сокку урарын эскертти


Мохаммад Хосейн Багери
Мохаммад Хосейн Багери

Иран расмий Исламабад суннит жоочуларынын чек ара аймактарындагы чабуулдарына бөгөт койбосо, Пакистандын аймагындагы согушкерлердин позицияларына сокку урарын эскертти.

Ирандын башкы штабынын жетекчиси Мохаммад Хосейн Багеринин мындай билдирүүсүн мамлекеттик маалымат каражаттары 8-майда билдирип чыгышты. Анда айтылгандай, Тегеран Пакистандан террорчулардын чек арадагы кыймылын көзөмөлдөөнү, аларды камап, базаларын жок кылууну талап кылып жатат.

"Эгер террорчулардын чабуулдары улана берсе, биз кайда болбосун алардын коопсуз бейишине сокку урабыз",-деди Мохаммад Хосейн Багери.

Апрель айында суннит жоочуларынын "Жаиш ал-Адл" тобунун чабуулунан он ирандык чек ара сакчылары мерт болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG