Францияда жаңы шайланган президент Эммануэл Макрондун инаугурациясы 14-майга белгиленди. Бул тууралуу кызматтык мөөнөтү аяктап жаткан президент Франсуа Олланд дүйшөмбүдө Елисей талаасында Жеңиш күнүнүн урматына өткөн аземде айтты. Аземге Эммануэл Макрон да катышты.
Макрон кызматка киришкенден кийин жаңы премьер-министрди бекитиши керек болот. Ал Франциянын тарыхындагы эң жаш президент болуп калмакчы.
Жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи турунда шайлоочулардын 66 пайызы Макронду, 33 пайыздан ашыгы ашкере оңчул саясатчы Марин Ле Пенди колдоду.
Facebook шеринеси