Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Трамп Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү


АКШ президенти Дональд Трамп Франциянын жаңы шайланган президенти Эммануэл Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер 8-майда журналисттерге билдирди. Анын сөзү боюнча, Трамп "Франциянын жаңы шайланган президентин жеңиши менен куттуктады".

Эммануэл Макрон Дональд Трампка климаттык өзгөрүүлөр боюнча Париж келишимин коргоого аларын билдирген. Бул маалыматты Макрондун басма сөз катчысы Лори Хаим CNNге курган маегинде айтып, "ал климаттык өзгөрүү боюнча келишимдерди коргойт жана француз элин коргоодо кылдаттыкты көзөмөлдөйт" деп билдирди. Хаимдин сөзү боюнча, 10 мүнөттүк телефон аркылуу сүйлөшүүдө терроризм менен күрөшүү, трансатлантикалык жана экономикалык мамилелер жөнүндө сөз болгонун кошумчалады.

АКШ президенти Дональд Трамп мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы кол койгон климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү келишимин аткарабы же жокпу деген чечимди жакын арада кабыл алары айтылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG