Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Бишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш уюштурулат


Шаар мэриясынын маалыматы боюнча, ага 50гө чамалуу автоунаа катышат. Автожүрүштүн багыты Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кең көчөнүн башынан Жибек-Жолу-Алматы -Түштүк магистралы аркылуу карылар үйүнө чейин уланат. Ал жерде кароосуз калган карыяларга майрамдык тамак уюштурулат.

Кечки саат 21де борбордук жана Эски аянтта майрамдык фейерверк атылат.

Майрамдык иш-чараларга байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилет. Башкы кайгуул-күзөт кызматынын маалыматы боюнча Масалиев, Айтматов, Байтик баатыр, Абдрахманов, Фрунзе, Ибраимов, Жумабек көчөлөрү жана Чүй проспектисинин борбордук бөлүгү күндүз жабык болот. "Ак кула" атмайданы жайгашкан Термечиков көчөсү да жабык болмокчу. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG