Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Өзбекстанда элди укпаган аткаминерлер иштен алынды


Uzbek virtual government
Uzbek virtual government

Өзбекстанда акыркы айда 30дан ашуун аткаминер жумуштан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөгү виртуалдуу кабылдама үчүн жооптуу чиновниктердин бири билдирди.

Кызматынан айрылгандар арасында – Гүлистан менен Кокон шаарларынын башчысы, Багдад, Вобкент райондорунун жетекчилери бар.

Өзбек өкмөтүндөгү ишенимдүү булактардын маалымдашынча, бул маселеге өзгөчө көңүл бурулууда. “Селектордук жыйын учурунда акимдерге көрсөтмөлөр берилип, эгер алар элдин үнүн укпаса, жумуштан алынары эскертилүүдө. Мындан улам администрациялар элдин көйгөйүн тыңдап, кылдат иликтеп, маселени оң жагына чечип берүүсү керек”,- деди ал.

2017-жылдын башында жергиликтүү администрацияларда “коомдук кабылдамалар” түзүлгөн. Бирок аткаминерлер арыздануулардын дээрлик 70-80 пайызын карабайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG