Ушу тапта Бишкекте "Өлбөс полктун" жүрүшү өтүүдө. Колуна согуштан кайтпай калган, кийин каза болгон ардагер чоң ата, чоң энелеринин, сүрөтүн, түрдүү жазууларды кармаган миңдеген адамдар шаардын "Түштүк дарбазасынан" баштап Жеңиш аянтына чейин жөө басып баратат.
Жүрүштүн коопсуздугун милиция кызматкерлери камсыз кылууда.
Эскерүү акциясын шаар бийлиги жарандык активисттер менен бирге уюштурду. Алардын белгилешинче, быйыл төртүнчү жыл өтүп жаткан жүрүштүн буга чейинкилерден айырмачылыгы - катышуучулардын көптүгү болууда, так сан акция жыйынтыкталганда айтылат.
Бишкек шаардык кеңешинин маалымат катчысы Чынара Усупбаева былтыр нөшөр жаанга карабастан адамдар жүрүшкө чыкканын, быйыл аба ырайы андан да көбүрөөк катышуучуларды чогултууга шарт түзгөнүн "Азаттыкка" билдирди. (RK)