Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Таласта Жеңиш майрамдалууда, ардагерлердин эң улуусу быйыл 102де

Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы Таласта да майрамдык салтанат менен белгиленип жатат. Согушта курман болгондорду эскерип, митинг-реквием менен башталган иш-чара салтанаттуу парад менен уланды жана концерттик программа менен коштолууда.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматка караганда, Экинчи дүйнөлүк согушка Таластан 17 миң 85 адам аттанып, 7 миң 373ү согуш талаасында курман болгон. Ал эми 6 миң 270 адам дайынсыз кеткен. Кайтып келген 4 миң 420 ардагерден бүгүнкү күндө Талас облусунда 29у гана калды. Алардын эң улуусу 102 жашта. (AlS)

XS
SM
MD
LG