Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Жеңишке арналган көк бөрү таймашынын финалы өтүүдө


Бишкектеги Ак кула ат майданында Жеңиштин 72 жылдыгына жана чыгаан каскадер Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалы өтүп жатат.

Баш байге үчүн Таластын "Ынтымак" командасы менен Сокулуктун "Биримдик Аю" командасы таймашууда.

Оюндун биринчи бөлүгү аяктады. Азырынча эсеп: "Ынтымак" 1:0 "Биримдик Аю".

3-майда башталган мелдештерге 11 команда катышты. Бүгүн түшкө чейин 3-орун үчүн “Арашан” жана “Достук” командалары беттешмек, бирок "Достук" командасынын мелдештен четтетилгендигине байланыштуу 3-орун “Арашан” оюнчуларына берилди.

Финалдык таймаш башталар алдында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Мелдештин байге фондуна президенттик фонддон 500 миң сом, ЖК спикеринен 300 миң сом, премьер министрден 250 миң сом бөлүндү. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG