Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

Казакстан: студенттерди "Нур Отанга" кирүүгө мажбурлашууда


"Нур Отандын" шайлоону утканын "майрамдап" аткан студенттер
"Нур Отандын" шайлоону утканын "майрамдап" аткан студенттер

Алматыдагы Казак улуттук агрардык университетинин бүтүрүүчүлөрү окуу жай жетекчилиги аларды президенттик "Нур Отан" партиясы үчүн акча чогултууга, айрымдарын партияга кирүүгө мажбурлап жатканын билдиришүүдө.

Университеттин атын атагысы келбеген 4-курсунун студенти президенттик «Нур Отан» партиясы үчүн 300 тенге бергенин айтууда. Ошол эле окуу жайдын дагы бир студенти аны мурда эле «Нур Отан» партиясына мүчө кылып коюшкандыктарын айтты.

Бирок агрардык университеттеги "Нур Отандын" өкүлү Тимур Сейилхановдун айтымында, студенттер мамлекеттин саясатына ыраазы. "Биз эч кимди мажбурлаган жокпуз. Партияга кирүүнү каалагандар өздөрү келип форманы толтуруп кетип жатышат", - дейт Сейилханов.

Окуу жайдын проректорунун милдетин аткаруучу Бахыт Халыкова студенттердин даттануусу боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG