Улуу Жеңиш майрамына карата быйыл Ош шаарында уюштурулган “Өлбөс полк” маршына мажбурлоо болгон жок деп билдиришти бүгүн "Азаттык" радиосуна шаар мэриясынан.
Буга чейин иш-чаранын атын атагысы келбеген айрым катышуучулары жергиликтүү бийлик шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлерин жана окуу жайлардын студенттерин сүрөт көтөрүп марштан өтүүгө мажбурлап жатканын билдирген болчу. Мажбурлоо болуп жатканы тууралуу социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары да интернетке сүрөттөрү менен жазып, бул маселе талкуу жаратты.
Мэриянын коомчулук менен байланыш кызматынын башчысы Талант Канатбек уулу:
- Эч кандай мажбурлоо болгон жок. Тескерисинче, биз күткөндөн да көп адам келди "Өлбөс полкко". Миңдей адам чогулат го дегенбиз, бирок 2,5 миндей адам келди, анткени баарынын тең чоң аталары согушка катышкан, оорукта эмгектенген, - дейт.
Мэриянын маалыматында, шаардын борбордук аянтында өткөн негизги майрамдык иш-чарага 15 миңдин тегерегинде адам чогулду.
Ош шаарынан 14 миң 231 жоокер кан согушка аттанып, анын 3 миң 118и кайтпай калган. Ош шаарында согушка катышып келген 15 ардагер калган. (YI/RK)