10-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30;
Таласта түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23;
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30°.