Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:28

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялар менен жарандарга үгүт белгилери бар материалдарды эртелеп таратуудан карманууга чакырды. Боршайком буга байланыштуу кайрылуу таратып, шайлоо үгүтүн мыйзам жол берген мөөнөттөн мурда баштоого жол берилбей турганын эскертти.

Комиссиянын белгилешинче, талапкерлерди таанууга мүмкүнчүлүк берүүчү аталыш, эмблема, төш белги, логотип, желек, девиз жана башка атрибуттарды колдонуп маалымат таратуу үгүт болуп эсептелет.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт, бирок анын так датасы азырынча аныктала элек.

Бүгүнкү күндө интернетте саясатчылар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев элди кыдырып, түрдүү иш-чара, жолугушууларга катышып жүргөнү тууралуу материалдарды көрүүгө болот. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG