Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 01:25

АКШ президенттик администрациясы менен аскер мекемелериндеги белдүү кызматкерлер Ооган талиптерине каршы кеминде 3000 кошумча америкалык жоокер жөнөтүүнү жактап жатышканы кабарланууда.

Ал күчтөр Ооганстандагы америкалык кеңешчилердин майданга жакын тилкелерде иштөөсүнө шарт түзөрүн расмий булактарына таянып "Нью-Йорк Таймс" жазып чыкты.

Ал эми "Вашингтон Пост" НАТОнун башка мүчөлөрүнө да аскер жөнөтүү өтүнүчү келтирилет деп баяндайт.

Ушул тапта Ооганстанда НАТОнун 13 000 аскери бар, анын 8400ү америкалыктар.

Азырынча АКШ президенти Дональд Трамп бул маселеде пикирин билдире элек. Ал Ооганстан боюнча чечимди 25-майдагы НАТОнун саммитине чейин кабыл алары күтүлүүдө.

Акыркы убактарда "Талибан" кыймылы өкмөткө каршы чабуулун күчөткөн. Соңку маалыматтарга караганда, өкмөт Ооганстандын 60 пайызга жакын аймагын гана көзөмөлдөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG