Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Навальный Барселонада көзүнөн операция болгонун билдирди


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальный Испанияда көзүнөн операция болгонун Инстаграммдагы баракчасына жазды.

Дарыгерлер анын көрүүсү бир нече айдан кийин калыбына келерин билдиришкен.

Навальныйга апрелдин аягында өзүнүн Москвадагы "Коррупцияга каршы күрөш" фондунан чыгып баратканда зеленка чачып кетишкен. Жергиликтүү дарыгерлер анын көзү химиялык күйүккө кабылган деп диагноз коюшкан.

Ошондон аз өтпөй ал чет өлкөгө чыгууга мүмкүндүк берген паспорт алып, 7-майда Барселонага дарыланганы кеткени белгилүү болгон.

Навальный орус бийлигине каршы коррупциялык иликтөөлөрү, миңдеген жаштар чыккан митингдерди уюштуруусу менен белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG