Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Eurovision-2017: биринчи жарым финалдын жеңүүчүлөрү аныкталды


Ыр таймаш сахнасы. Киев, Украина.
Ыр таймаш сахнасы. Киев, Украина.

9-май күнү Украинада эл аралык Eurovision-2017 ыр таймашынын биринчи жарым финалы өтүп, 18 мамлекеттин ичинен 10 өлкөнүн ырчылары финалга чыгышты. Алар: Молдова, Азербайжан, Грекия, Швеция, Португалия, Польша, Армения, Австралия, Кипр жана Бельгия.

Өтпөй калгандар: Грузия, Албания, Монтенегро (Черногория), Финляндия, Исландия, Чехия, Словения жана Латвия.

Экинчи жарым финал 11-май күнү болот. Ага төмөнкү 18 мамлекет катышып, финалга ылайыктуулар тандалат: Норвегия, Израил, Литва, Беларус, Сан-Марино, Дания, Голландия, Мальта, Австрия, Сербия, Македония, Румыния, Венгрия, Ирландия, Хорватия, Болгария, Швейцария жана Эстония.

Финал 13-май күнү болот. Эрежеге ылайык, Европа телерадиоберүү бирикмесинин түптөөчүлөрү саналган беш мамлекет - Британия, Франция, Испания, Италия, Германия жана сынакты быйыл өткөрүп жаткан Украинанын ырчылары түз эле финалга чыгышат.

Мыктылар көрүүчүлөрдүн добуштары жана калыстардын баасы менен тандалат.

Eurovision ыр таймашы Киевдеги Эл аралык көргөзмө борборунда өтүүдө. Европа телерадиоберүү бирикмеси түптөгөн бул шоу 1956-жылдан бери такай уюштурулат. Жыл сайын 40тан ашуун мамлекет катышат.

Eurovision сынагына быйыл украиндердин улуттук шуру чынжыры эн белги катары тандалган. Урааны түрдүү улуттардын биримдигин даңазалайт.

2016-жылкы жарышта украиналык Жамала жеңүүчү болгон. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG